
Эсенкулов Нурмамат Жокенович
Мамлекеттик тил жана коммуникациялар боюнча проректор
- Дареги: Бишкек ш, Раззаков көч, 49. Корпус №5 Байланыш телефону:+996(312) 66-13-46;
- Web
www.arabaev.kg
Илимий даражасы:
Тарых илимдеринин доктору
Туулган жылы-1960-жылдын 9 январы
Улуту -кыргыз
Билими
1978- жылы Жалал-Абад шаарындагы А. С. Пушкин атындагы Педагогикалык окуу жайынын дене- тарбия бөлүмүн артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1988- жылы М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
1989-1993- жылдары М. В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин аспирантурасын бүтүргөн.
1994- жылдын 8- февралында М.В. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
2011- жылдын 29- апрелинде “Политическая и социально-экономическая трансформация независмого Кыргызстана» (1991-2009-г.г.) деген темада докторлук диссертациясын коргогон.
2013- жылы Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “Юриспруденция” багыты боюнча магистратурасын артыкчылык диплому менен аяктаган.
Эмгек жолу:
1978-1979-жылдары Өзгөн районунун Эркин Тоо мектебинде мугалим.
1979-1981- жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1988- 1989- жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинин окутуучусу
1994- 2006- жылдары К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин доценти, кафедра башчысы, окуу иштери боюнча проректору, экономика боюнча проректору, биринчи проректор.
2007- жылдын декабрынан августуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билим берүү мекемелерин лицензиялоо жана аттестациялоо мамлекеттик инспекциясынын башчысынын орун басары, башчынын милдетин аткаруучу болуп эмгектенген.
2007-2008- жылдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүн жетектеген.
2009-2015- жылдары Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономикалык өнүктүрүү боюнча проректор, окуу иштери боюнча проректор, илимий иштер боюнча проректор
2015-2017- жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары.
Н. Ж. Эсенкулов 1 илимий монографиянын, 1 окуу куралдын, 2 окуу методикалык колдонмонун, өлкөбүздө жана чет өлкөлөрдө чыккан 50 дөн ашык илимий макалалардын автору, Билим берүүнүн отличниги жана Ардак грамотанын ээси.
2018- жылдан бери И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана коммуникациялар боюнча проректору.
Жеке жашоосу:
Эсенкулов Нурмамат Жокенович 2 уул, 1 кыздын атасы.
Жубайы Асамбекова Салима Джумагуловна, жеке ишкер.