И. Арабаев атындагы КМУда факультеттер аралык студенттердин 2020- жылга карата спартакиадасы өтүп жатат

И. Арабаев атындагы КМУда 21- октябрда факультеттер аралык 1- курста окуган студенттердин ортосунда спартакиада башталды. Аталган спорттук иш-чара 8- ноябрга чейин болмокчу.

Спорттук таймашка окуу жайдын бардык факультеттеринин командалары катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты жыл сайын өткөрүлүүчү республикалык универсиадага окуу жайдын курама командасын тандоо болуп эсептелет. Спартакиада спорттун улуттук жана классикалык алты түрүнөн өтүүдө.
Ар бир түрүнөн мыкты спортчу студенттер күч сынашышат. Жыйынтыгында байгелүү орундарга ээ болгон командаларга университеттин жетекчилиги тарабынан белектер, спорттук кийимдер, дипломдор ыйгарылмакчы.