Мухаммад Башар Арафат КМУнун студенттери менен жолукту

Борбор Азия чөлкөмүнө белгилүү болгон диний алым Мухаммад Башар Арафат 22- октябрь күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин мугалимдери жана студенттери менен жолугуп, аларга дарс окуду.

 

Алым менен болгон студенттердин жолугушуусу университеттин Чыңгыз Айтматов атындагы чоң жыйындар залында өттү.


Аталган иш- чарага университеттин илимий иштер боюнча проректору Эмиль Каниметов, Тарых жана социалдык укуктук билим берүү факультетинин деканы Назира Курбанова, Президенттин алдындагы “Ыйман” фондунун жетекчиси Самаган Мырзаибраимов жана башка инсандар катышты.
Эске салсак, Мухаммад Башар Арафат ислам динин иликтеген белгилүү алымдардын бири. Ал азыркы учурда Америкада жашап, эмгектенет.