КМУда Конфуций классы ачылды

2019- жылдын 29-октябрында саат 11:00 дө, И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыштаануу жана эл аралык мамилелер факультетинде Конфуций классынын ачылыш аземи болду.

Иш-чарага К.Карасаев атындагы Бишкек Мамлекеттик университетинин Конфуций институтунун директору Жанг Ши Цай жана Кыргызстандагы кытай компанияларынын жетекчилери жана аталган институттун волонтерлору келишти .

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович, окуу иштери боюнча биринчи проректор Коңурбаев Тууганбай Абдырахманович, Окуу иштери боюнча бөлүмдүн башчысы Капалбаев Октябрь Эркинович, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин деканы Алымкулов Замир Аманбекович ж.б. жетекчилер катышышты.

Иш-чараны И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Т.А.Абдырахманов ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөп Конфуций классынын ачуунун максаты тууралуу айтып өттү. Кытай Республикасынын Синьцзян университетинин профессору, И.Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Чжанг Ши Сай студенттерге конфуций классы кытай тилин терең окуп үйрөнүү үчүн шарт түзүп берерине кеңири токтолду.