КМУнун пресс- катчысы, окутуучулары жана студенттери медиаконференцияга катышышты

31- октябрда Бишкектеги “Дамас” отелинин жыйындар залында ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулган кезектеги жыл сайын өтүүчү Өнөктөштүк медиаконференциясы болуп өттү.

Иш- чарага КРнын Өкмөтүнүн Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов, Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова,

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков, Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин башчысы Салкын Сатарова, ИИМдин киберэкстремизмге каршы бөлүмүнүн башчысы Ратбек Турусбеков, мамлекеттик органдардын пресс-катчылары, ММКлардын, медианын жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, Кыргызстандын ЖОЖдорунун журналистика факультеттеринин окутуучулары жана студенттери, башка кызыктар болгон тараптар да катышышты.

И. Арабаев атындагы КМУдан пресс- катчы Мирлан Алымбаев, Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин окутуучулары Кубан Мамбеталиев жана Нооганова Елена студенттер менен биргеликте барып катышышты.

Иш- чаранын алкагында пленардык сессиялар өткөрүлүп, күн тартибинде турган маселелер талкууланды.

Медиаконференциянын катышуучулары Кыргызстандын жогорку технологиялык маалыматтык мамлекет болушуна кабыл алынып жаткан кадамдары, мамлекеттик заманбап мультимедиалдык борборлорду түзүү, шайлоо процесси жана шайлоолордо ММКлардын катышуусун, ошондой эле киберэкстремизмге каршы иш- аракеттердин механизмдерин жана маалыматтык коопсуздугун камсыздоону талкуулашты.