Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети 7- ноябрь Басма сөз күнүнө карата тегерек стол өткөрдү

1-ноябрда 7-НОЯБРЬ - Басма сөз жана маалымат күнүнө карата И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде “21-кылымдагы Борбор Азия өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары” аттуу тегерек стол болуп өттү. 

Иш-чарагаИ. Арабаев атындагы КМУнун илимий иштер боюнча проректору Каниметов Эмиль Жангорозович  факультеттин журналистика, жарнама жана коомчулук менен байланыш багыттарынын студенттери, магистранттар, профессордук-окутуучулар курамы жана практик журналисттер катышты. 

Тегерек столдо    филология илимдеринин доктору, профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Кубан Мамбеталиев студенттерге Борбор Азия өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттары, тарыхы, өзгөчөлүктөрү жана окшоштуктары тууралуу маалымат берип, бир катар маанилүү фактыларга токтолду.

Андан сырткары келечектеги кесиптештерине журналистиканын сырлары, маалымат топтоонун жол-жоборлору жана факты менен иштөөнүн жол-жоболорун айтып берди. Акырында студенттердин кызыктырган бир катар суроолоруна жооп берди.  

Тегерек стол журналисттер менен студенттердин кызуу талкуусу менен аяктады.