Педфакта семинар өттү, анда кандай маселелер каралды?

22-ноябрда И. Арабаев атындагы КМУнун педагогика факультетинде, университеттин бардык курамдарынын активдүү студенттеринин катышуусунда Кыргызстанда саламат жашоо таалим-тарбия программасын ишке ашыруу максатта «Жашыл ай коому» уюштурган «Саламат жашоо, жаркын келечек» деген темада семинар болуп өттү.

Семинарды «Табигый-математикалык билимдер жана аларды башталгыч мектепте окутуунун технологиясы” кафедрасынын башчысы, Казиева Г.К. өткөрдү, ал студенттерге “Жашыл ай коому” жөнүндө маалымат берип, аларга бүгүнкү күндө коомдо болуп жаткан зыяндуу илдеттерден арылуу жана алардан баш тартуу, алдын алуу жөнүндө маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө Педагогика кафедрасынын ага окутуучусу Турсунова Э.А., педагогика факультетинин студенткасы Жаныбек кызы Айзирек дагы өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Семинарга катышкан студенттер "Жашыл Ай Коомунун" администрациясы даярдаган сертификаттар менен сыйланды.

"Жашыл Ай Коомунун" максаты - Кыргызстанда, өзгөчө жаш муун арасында зыяндуу адаттар менен күрөшүү; бул зыяндуу адаттардын алдын алуу, алыстатуу жана реабилитация иштерин жүргүзүү. Саламат жашоого үндөө, дени сак муун жана дени сак коом тарбиялоо иш-чараларында улуттук баалулуктарыбызды сактоо.