Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинде Экстремизм жана терроризди алдын алуу боюнча конок лекция болуп өттү

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетининде 27.11.2019 ж. Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Жаштар жана аялдар менен иштөө боюнча адиси Султанали Гапуров «Кыргызстанда экстремизм жана терроризмди алдын алуу, андагы диний агымдар » аттуу лекция окуду.

Бул конок лекция Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-2022 ж.ж.экстремизм жана терроризмдин алдын алуу программасына ылайык 21.06.2017-жылындагы  №394 токтомунун негизинде  уюштурулду.

Иш чаранын максаты: студенттерге дүйнө жүзүндөгү болуп жаткан терроризм, экстремизм боюнча маалымат берүү, алардын тийгизген залалы тууралуу түшүндүрүп, диний агымдарды туура  түшүнүүгө, туура эмес багыттарга түшүп кетүүсүн алдын алуу болду. Конок лекцияга факультеттин 1-2-курсунун студенттери жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Лекция студенттердин ар кандай кызыктуу суроолору, кызуу талкуусу  менен аяктады.