Тарыхчылар «Ваш подвиг бессмертен! Памяти героев обороны Москвы 1941г.» конкурсунда дагы бир ийгилик жаратышты.

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинде «Евразийцы - новая волна» фонду тарабынан ЖОЖдор аралык «Ваш подвиг бессмертен! Памяти героев обороны Москвы 1941г.» аталышындагы студенттик викторина болуп ѳттү. Иш-чарага Кыргызстандын алдыңкы жогорку окуу жайлары – И.Арабаев атындагы КМУнун намысын коргоп Э.Ж., Б.Ельцин атындагы КРСУ, Ж.Баласагын атындагы КУУ жана «Альтаир» аскердик-патриоттук клубунун курсанттары катышышты.

Биздин университетин намысын коргоп Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин командасы чыкты. Иш-чара белгилүү «Своя игра» телевизиондук оюнунун форматында ѳтүп, ар бир команда 1941-жылы Москваны коргоо боюнча берилген тарыхый суроолорго туура жооп берүү менен балл чогултушту.

Оюндун изюминкасы болуп – аскер ырларын жандуу аткаруу бѳлүгү эсептелди. Кайсы ыр жана анын авторлору ким экендигин гана таппастан, студенттер ал ырларды аткарып да беришти. Алсак, «Катюша», «Смуглянка», «День Победы», «На безымянной высоте» ж.б. ырларды эргүү менен аткарып, мыкты атмосфера тартуулашты.
3 турдан турган конкурстун жыйынтыгында 1-орунду Б.Ельцин атындагы КРСУ, 2-орунду Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети, 3-орунду викторинанын былтыркы жылдагы жеңүүчүлѳрү – Ж.Баласагын атындагы КУУнин командасы алды.