Стейкхолдер –Namba Media менен Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультети иш мерчемдерин талкуулады

 

Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетининде 27.11.2019 ж. стейкхолдерлер менен иш мерчемдери талкууланды. Бул сапар Namba Media – креативдүү санарип жарнама агентствосунун (цифровое рекламное агентство) кызматкерлери болду.

Namba Media агентствосу - маркетингдик стратегия, медиапландоо, жарнаманын бардык түрлөрү, ремаркетинг, коперайтинг, видеопродакшн, сайттарды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу сыяктуу иштерди алып барышат. Факультеттин жетекчилиги эки тараптуу кызматташууну талкуулап, анын алкагында журналистика, жарнама жана коомчулук менен байланыш багытынын студенттеринин өндүрүштүк практикасын камсыз кылуу, биргелешкен тренинг-семинарларды уюштуруу, факультеттин студенттерине заманбап видеопродакшн, сайттарды жана мобилдик тиркемелерди иштеп чыгуу боюнча акысыз курстарду уюштуруу (сертификат берүү менен) сыяктуу маселелер талкууланып, кызматташуу келишими түзүлдү.

Алгачкы иш чара катары агентствонун чыгармачыл тобу студенттер менен жолугушуп, “Ийгиликкке жетүүнүн жолдору” аттуу презентация уюштурушту.