Педфакта онлайн конференция уюштурулду

28-ноябрда Педагогика факультети менен Казакстандагы "Мирас" университетинин ортосунда студенттик илимий-практикалык конференцияболуп өттү.

Конференция студенттердин, магистранттардын жана жаш окумуштуулардын илимий-чыгармачыл активдүүлүгүн өнүктүрүү максатында уюштурулду. Аталган конференция педагогика факультетинин деканы, профессор  Ж.У.Байсаловдун жетекчилиги менен доценттин милдетин аткаруучу Н.Э.Абдраева тарабынан уюштурулду.

Жыйынга бир гана педфактын магистрант, студенттери катышпастан, башка факультеттердин  магистранттары да катышышып, даярдаган докладдарын окушту. Доклад даярдагандарга "Мирас" университетинин жетекчилиги макалалары жыйнакка басылып чыгаарын, сертификаттар берилээрин берилээрин билдиришти.

Ал эми доцеттин милдетин аткаруучу  Н.Э.Абдраева "Жаштар арасында эффективдүү коммуникациянын техникалары" аттуу баяндамасын окуп суроолор берилип, кызуу талкуу жаралды.

Педагогика факультети техникалык колдоо көрсөткөнү үчүн информатика мугалими С.Сейдракмановага, уюштуруу иштерин жүргүзгөнү үчүн Н.Э.Абдраевага, координатор Н.Байдуевага, Н.К.Сегизбаевага,  Г.Касымалиевага, Э.Сейталиевага жана студент, магистранттарга ыраазычылык билдиришти.