И. Арабаев атындагы КМУнун мугалими Жороев Арзымат Набиевич Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын ээси болду

И. Арабаев атындагы КМУда окутуучу болуп эмгектенген Жороев Арзымат Набиевич Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыктын ээси болду. Арзымат Жороевге сыйлык «Көркөм искусствонун мыкты чыгармасы, такгыраак айтканда (живопись, скульптура, графика, декоративдик-колдонмо жана монументтик искусстводо) жараткан эмгектери үчүн берилди.

Улуу жазуучунун атын алган даражалуу сыйлык быйыл 17 инсанга ыйгарылды. Сыйлык алгандардын арасында спортчулар Айсулуу Тыныбекова жана Дарья Маслова бар. Ошондой эле даражалуу сыйлык маркум журналист Улан Эгизбаевге ыйгарылды.

«Жаштар – мамлекеттин активдүү жарандары, өлкөнү өнүктүрүүдө эң башкы күч! Чыгармачылыктагы, маданияттагы, спорт, бизнестеги силердей жаш лидерлер – биздин мамлекеттин эртеңки келечеги. Силер менен келечегибиз кең болоруна ишенем», - деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев сыйлык ээлерин куттуктап.

Биз дагы ректораттын атынан И. Арабаев атындагы КМУда эмгектенип, студенттерге татыктуу билим берип, ошону менен бирге эле албан ийгиликтерди жаратып жаткан окутуучу Жороев Арзымат Набиевичти алган сыйлыгы менен куттуктайбыз. Сизге бекем ден соолук каалайбыз. Жашоодо албан ийгиликтерди жарата беришиңизге тилектешпиз!