Академиялык мобилдүүлүк программасы менен келген студенттерди факультетинин деканы жана мугалимдердин жалпы жамааты ак жол каалап узатышты

Бүгүн,16-декабрда Педагогика факультетинде Ош мамлекеттик университетинен жана Ош гуманитардык педагогикалык институтунан академиялык мобилдүүлүк программасы менен келген студенттерди факультеттин деканы жана профессорлук-окутуучулар курамы узатты.
Джоомарт Усубакунович студенттердин семестр учурундагы билимин жана коомдук иштердеги активдүүлүгүн баалап аларга төмөндөгүдөй сыйлыктар ыйгарылды:
1. Окуу жайдын ректоруна ыраазычылык кат;
2.Факультетинин деканына ыраазычылык кат;
3.Ар бир студентке коомдук ишке активдүү катышкандыгы үчүн сертификат;
4.Ата - энесине татыктуу тарбия бергендиги үчүн ыраазычылык кат.
5.Келечек муунга татыктуу тарбия бергендиги үчүн окуткан мектебине ыраазычылык кат берилди.
Жолугушууда студенттер Жумаева Адина, Абдыразакова Адина, Календар кызы Кундузкан жана Турдибаева Нурсулуу факультеттин деканына жана окутуучулар курамына ыраазычылык билдирип, окуу жайдан алган билимдерин жана мугалимдердин кичи-пейил мамилесин өзгөчө баса белгилешти. Бул жерден көргөн өзгөчөлүктөрдү өзүлөрүн окуу-жайына сунуштаарын айтышты.
Студенттерге Педагогика факультетинин деканы Байсалов Дж.У. жана мугалимдердин жалпы жамааты ак жол каалап узатышты.