Ректор Төлөбек Абдырахманов Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк менен жолукту

И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович Түштүк Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ха Те Ёк жана Бишкектеги Корея Республикасынын билим берүү борборунун директору Ким Дэ Гван менен жолукту.

Жолугушууда И. Арабаев атындагы КМУнун Манас таануу жана лингвистика институтуна Корей тилин окутуу боюнча кафедра ачуу маселеси каралып, ректор менен элчи эки өлкөнүн билим берүүдөгү кызматташтыгы тууралуу кеңири пикир алышышты.

Жолугушууга И. Арабаев атындагы КМУнун окуу башкармалыгынын башчысы, тарых илимдеринин кандидаты Капалбаев Октябрь Эркинович да катышты.

Эске салсак, КМУга корей тилин окутуу борбору буга чейин эле ачылган. Учурда окуу борбордо жүздөгөн улан- кыздар корей тилин үйрөнүп, билим алып жатышат.

Ошондой эле жогоруда белгилеген Манас таануу жана лингвистика институтун белгилүү тилчи, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, филология илимдеринин доктору Мусаев Сыртбай Жолдошевич жетектээри көпчүлүккө беллгилүү...