И. Арабаев атындагы КМУда профессордук-окутуучулар курамынын арасында спартакиада башталды

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Ден соолук”- 2020 аталышындагы профессордук-окутуучулар курамынын арасында спартакиада башталды. Иш чаранын ачылышына университеттин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович баштаган окуу жайдын жетекчилиги катышты.

13- январдан 27- январга чейин боло турган  мелдеште аялдар жана эркектер арасындагы командалар стол үстүндөгү теннис, тогуз коргоол, шахмат, футбол, волейбол оюндары боюнча күч сынашат. Аталган иш-чараны И. Арабаев атындагы КМУнун дене тарбия бөлүмү, ректорат менен биргеликте уюштурууда. 

Спартакиаданын соңунда жеңүүчүлөргө уюштуруучулар тарабынан кызыктыруучу баалуу белектер жана дипломдор тапшырылат.