Президенттик стипендияга ээ болгон студенттер

Окууда, илимий-чыгармачыл жана коомдук иштерде айырмалангандыгы үчүн И. Арабаев атындагы КМУнун 4-курсунун студенттери Жолдошбек Тилекбек уулу ( Көркөм маданият жана билим берүү факультети), Элизат Моңолдорова (Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети), Зуура Нарынбек кызы ( Мамлекеттик тил жана маданият институту), Нурзат Рахатбек кызы ( Манас таануу жана лингвистика институту) Кыргыз Республикасынын Президентинин стипендиясына ээ болушту. Аталган сыйлыкты алар 2019-жылдын 27-декабрында өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековдун өз колунан алышты.

Президенттик стипендиялар өлкө башчысынын билим берүү фонду тарабынан жыл сайын берилип, таланттуу, мыкты жаштарга акчалай жардам көрсөтүү максатын көздөйт. Быйыл президенттик стипендияга жалпысынан 184 талапкер көрсөтүлүп, алардын ичинен мыкты делген 74 студент тандалып алынган. Республиканын мыкты студенттерине мактоо баракчасы жана 50 миң сом тапшырылды.

Президенттик стипендияга ээ болгон студенттерди университеттин ректору Т. А. Абдырахманов кабыл алып куттуктады.