Университеттин Окуу иштери боюнча жетекчилиги кафедра башчыларын чогултуп жыйын өттү

22- январь күнү  И. Арабаев атындагы КМУда кафедра башчылары чогулган жыйын болуп өттү. Аталган жыйынды университеттин Окуу башкармалыгы уюштуруп, ага  окуу жайдын Окуу иштери боюнча биринчи проректору Тууганбай Коңурбаев, Окуу бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев,  Кадрлар бөлүмүнүн жетекчиси Гүльзат Шамшиева жана  университеттеги баардык факультеттердин кафедра жетекчилери катышты.

 Жыйында кафедра жетекчилеринин алып барып жаткан иштери каралды. Көпчүлүк кафедра жетекчилерине ишиндеги ийгиликсиз аракеттерине жетекчилик тараптан сын- пикирлер айтылды. Ошондой эле жакынкы айларда өтчүү аккредитациялык ишке окуу жайдын жалпы окутуучулук курамы жакшылап даярдык  көрүү керектиги эскертилди.