КМУда “Ден соолук”- 2020 аталышындагы спартакиада жыйынтыкталды

27- январда И. Арабаев атындагы КМУда “Ден соолук”- 2020 аталышындагы профессордук-окутуучулар курамынын арасында өткөн спартакиада соңуна чыгып, анын салтанаттуу жабылышы болду. Иш-чарага университеттин ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович, Жаштар иштери жана спорт боюнча проректор Мелис Оңолбаев, Окуу иштери боюнча башкармалыктын башчысы Октябрь Капалбаев жана ошондой эле институттардын директорлору жана факультеттердин декандары катышышты.

Спартакиадада волейбол, баскетбол, футбол, стол тенниси, аркан тартыш, шахмат сыяктуу спорттун салттуу түрлөрү менен бирге спорттун улуттук түрлөрү болгон тогуз коргоол, таяк тартыш боюнча да мелдештер өткөрүлдү.

Байгелүү орундарга жетишкен командаларга кубоктор, тийиштүү даражалары боюнча дипломдор, акчалай сыйлыктар берилди. Спорттун ар бир түрү боюнча мыкты оюнчуларга да өз алдынча сыйлыктар ыйгарылды. Спартакиаданын соңунда ректорат тарабынан иш-чараны жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн окуу жайдын дене тарбия жана спорт бөлүмүнө ыраазычылык айтылды.