Кыргыз билим берүү академиясында профессор Исак Бекбоевдин илимий китепканасы ачылды

24-январда Кыргыз билим берүү академиясында Кыргыз Республикасынын эл мугалими, илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Москва шаарындагы Эл аралык социалдык жана педагогикалык илимдер академиясынын академиги, Кыргыз билим берүү академиясынын академиги, илимий мектептин негиздөөчүсү, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоевдин илимий китепканасынын ачылышы болду. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынан билдиришти.

Академиянын президенти Алмазбек Токтомаметовдун айтымында, илимий китепкананын ачылышына И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, проректор Тууганбай Коңурбаев, академиянын кызматкерлери, Исак Бекбоевдин жубайы Сайра Көбөнова, балдары жана неберелери Эмил Бекбоев, Бахридин Бекбоев, Бек Бекбоев жана мектеп мугалимдери катышты.

Эл мугалими, педагогика илимдеринин доктору, профессор Исак Бекбоевдин 90 жылдык мааракесине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция Кыргызстандын жана эл аралык педагогикалык коомчулуктун катышуусунда 31-январда «Сейтек» улуттук балдар жана өспүрүмдөр борборунда болот. Секциялык отурумдар А.Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык технологиялар мектеп-лицейинде башталат.

Илимий китепканада И.Бекбоев тарабынан жарык көргөн эмгектер, окумуштуу-педагогго арналган стенддер орун алган. Башкы стенд 3 бөлүктөн туруп, анда Исак Бекбоевдин өмүрүнүн, ишмердүүлүгүнүн урунттуу даталары, илимий даражалары жана наамдары, эл аралык жана коомдук сыйлыктары чагылдырылган.

И.Бекбоев 1930-жылдын 10-январында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында туулган.

1948-жылы Кемин районундагы Жаңы-Алыш орто мектебин күмүш медаль менен аяктаган. 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик пединститутунун физика-математика факультетин аяктаган.

1952-1959-жылдары Ат-Башы районундагы №1 жана Фрунзе шаарындагы №5 орто мектептерде мугалим, 1955-1962-жылдары Кыргыз педагогикалык илим-изилдөө институтунда кенже илимий кызматкер, ага илимий кызматкер, сектор башчысы, 1962-1975-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун илимий иштер боюнча директорунун орун басары, 1975-1980-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орто мектептердин директорлорунун кесиптик чеберчилигин жогорулатуу факультетинин деканы, 1980-1984-жылдары КМУнун окуу иштери боюнча проректору, 1984-1992-жылдары Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун директору, 1992-2003-жылдары Кыргыз билим берүү институтунун директору, 2003-2016-жылдары Кыргыз билим берүү академиясынын Билим берүү жана илим борборунун директору кызматтарында иштеген.

И.Бекбоевдин илимий жетекчилиги жана кеңешчилиги менен илимдин 27 кандидаты, 7 доктору диссертациялык иштерин ийгиликтүү коргоп, илимий даражаларга ээ болушкан.

И.Бекбоевдин илимий наамдары жана даражалары:

- 1966-жылы Ташкент шаарында кандидаттык диссертациясын коргогон жана педагогика илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы СССРдин ЖАКы тарабынан бекиген.

- 1967-жылы СССРдин ЖАКы тарабынан ага илимий кызматкер окумуштуулук наамы бекиген.

- 1971-жылы СССРдин ЖАКы тарабынан доцент окумуштуулук наамы бекиген.

- 1983-жылы СССРдин ЖАКы тарабынан профессор окумуштуулук даражасы бекиген.

- 1994-жылы педагогика илимдери боюнча докторлук диссертациясын коргогон.

- 1997-жылы КР УИА мүчө-корреспонденти болуп шайланган.

- 1997-жылы Эл аралык педагогика жана социалдык илимдер академиясынын анык мүчө-корреспонденти (Москва шаары) болуп шайланган.

- 2005-жылы «Жусуп Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору» наамы ыйгарылган.

- 2014-жылы Кыргыз билим берүү академиясынын академиги болуп шайланган.

- 2014-жылы Абай атындагы Казак улуттук педагогикалык университетинин ардактуу профессору наамы ыйгарылган.

- 2016-жылы Илимий мектептин негиздөөчүсү наамы Россия табигый илимдер академиясы тарабынан берилген.

Өкмөттүк жана коомдук сыйлыктары:

- 1960-жылы – «Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги» төш белгиси;

- 1970-жылы – «В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгы» юбилейлик медалы;

- 1971-жылы – «Ардак белгиси» ордени;

- 1980-жылы – «СССРдин Эл агартуусунун отличниги» төш белгиси;

- 1983-жылы – «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими» наамы;

- 1984-жылы – «Эмгек ветераны» медалы;

- 1990-жылы – Н.Крупская медалы;

- 2000-жылы – «Руханият» эл аралык сыйлыгы;

- 2002-жылы – Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгы;

- 2005-жылы – «Кыргыз Республикасынын эл мугалими наамы»;

- 2009-жылы – «Даңк» медалы;

- 2010-жылы – III даражадагы «Манас» ордени;

- 2010-жылы – «Казакстан Республикасынын билим берүүсүнүн ардактуу кызматкери» наамы;

- 2013-жылы – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ардак грамотасы ыйгарылган.

Ортоңку стендде Исак Бекбоевдин Кыргызстан менен Казакстандын жалпы билим берүүчү орто мектептери, жогорку окуу жайлары үчүн жазган эмгектери берилген. Тактап айтканда:

Монографиялары – 11

Окуу китептери:

- Кыргыз мектептери үчүн – 11
- Өзбек мектептери үчүн – 2
- Тажик мектептери үчүн – 2

- ЖОЖдор үчүн – 3
- Казакстан Республикасы үчүн – 11
- Окуу колдонмосу – 37
- Окуу курал, методикалык колдонмосу – 47
- Илимий макалалары – 220дан ашуун

Үчүнчү стендде И.Бекбоев тууралуу улуу инсандардын, окумуштуу-педагогдордун учкул ойлору берилген.

Ал эми төртүнчү стендде И.Бекбоевдин үй-бүлөсү тууралуу, жетишкен ийгиликтерин чагылдырган фото-сүрөттөр камтылып, окумуштуу-педагогдун накыл сөздөрү жазылган.