Студенттер депутат Махабат Мавлянова менен кезигишти

29- январда И.Арабаев атындагы КМУнун Моңолдор кызы Элизат баштаган активдүү студенттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барып, депутат Мавлянова Махабат Эргешовна менен кезигишти. Студенттер эл өкүлүнө кызыккан суроолорун берип, жооп алышты.

Депутат буга чейинки депутаттык тажрыйбасы, демилгелеген мыйзам долбоорлору тууралуу студенттерге айтып берди. Ошондой эле студенттер Ак үйдүн ичи менен, депутаттардын иш бөлмөлөрү менен таанышып, парламенттин жыйынына күбө болушту. Студенттерди Эркинбеков Асан агай коштоп жүрдү.