Педагогика факультетинин доценти Сейталиева Эльмира Ардак грамота алды

2020-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Эл мугалими Б.И.Бекбоевдин 90-жылдыгына арналган «Улуттук баалуулуктардын жана инновациялык технологиялардын негизинде билим берүү системасын моделдештирүү»  аттуу темадагы эл аралык илимий практикалык конференцияга Педагогика факультетинин доценти Сейталиева Эльмира Сагынбековна катышып, конференциянын жыйынтыгында  секциялык иште кыргыз тилинде мазмундуу, илимий билдирүү жасагандыгы үчүн

 Кыргыз Республикасынын  Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын Ардак грамотасы менен сыйланды.Сыйлыгыңыз куттуу болсун!