Аймак жана маданият таануу

     И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Аймак жана маданият таануу” кафедрасы Казакстандын Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык Улуттук Университет менен түзүлгөн меморандумдун негизинде “Эл аралык Изилдөөлөрдүн Евразиялык Ассоцациясы” менен бирдикте “Борбордук Азиянын аймактык коопсуздугунун көйгөйлөрү”– аттуу Эл аралык тегерек стол 2016-жылдын 29-ноябрында аталган факультеттин жыйындар залында болуп өттү. Тегерек столго Казакстандын Астана шаарындагы Л.Н.Гумилев атындагы Евразиялык Улуттук Университетинин докторанттары жана “Эл аралык Изилдөөлөрдүн Евразиялык Ассоцациясынын” төрайымы Кожирова Светлана Басиевна менен мүчөлөрү келип активдүү катышып, өздөрүнүн презентацияларын жасашты.

     Мындан сырткары Кыргызстандан   Рашид Габдулхаков-Борбордук Азиянын Өнүгүү Институтунун илимий кызматкери  “Анклавы Ферганской долины: от споров к сотрудничеству “ – аттуу өзүнүн докладын жасады. Ошондой эле Суюнбаев Мурат Насирдинович – КРСУнун доценти, “Деловая Евразия” деген аналитикалык ресурстун Башкы редактору Столяренко-Громский Павел Станиславович, Султанов Талант Исакович-Стратегиялык жана эларалык изилдөөлөр боборунун директору, Кыргызстан элдеринин ассамблеясынан өкүлдөр жана  “Аймак жана маданият таануу” кафедрасынын жалпы жамааты катышышты.

   Тегерек столду алгач кафедра башчы Самыйканов Адисбек Тынчтыкбекович алып барып, талкууну ачып берүү максатында программага ылайык факультеттин деканы Алымкулов Замир Аманбековичке сөз берди.

   Жыйынтыгында экинчи меморандумга кол коюлуп, мындан кийинки өтүлө турган конференцияларга И. Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин жамааттарынан баргандарга акысыз кызмат көрсөтүп, материалдарын чыгарып бермей болушту.