МААЛЫМ КАТ

Кыргыз Республикасынын 2017-жыл – “Ыйман, адеп жана маданият жылына” карата кыргыз тили боюнча ЖОЖдор аралык олимпиада өтө тургандыгын маалымдайбыз.

Олимпиаданы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы жана И.Арабаев ат. КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институту өткөрөт. Олимпиадага Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун кыргыз филологиясы багытында окуп жаткан 2-4-курстун студенттери катыша алат.

Олипиаданын максаты:

·         Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, кыргыз рухунун негизи – мамлекеттик тилди өнүктүрүү;

·    кыргыз филологиясы багытында билим алып жаткан студенттердин мамлекеттик тил боюнча билимин бекемдөө, текшерүү;

·         студенттердин мамлекеттик тилге болгон кызыгуусун, сый-урматын арттыруу;

·         ЖОЖдордогу жаш адистер арасында мамлекеттик тилдин ролун өстүрүүчү салттуу иш-чаранын калыптануусу.

Олимпиаданы уюштуруу жана өткөрүү тартиби:

Олимпиада 3 турдан турат. 

I тур тест, II тур жазуу (эссе), ал эми III тур оозеки түрүндө (долбоорду коргоо) өткөрүлөт. 

Iтур: 2-мартта ар бир ЖОЖдун филология факультеттеринин өзүндө тест алынат. Тест 30 суроодон турат. Ар бир туура белгиленген суроо үчүн 1 балл берилет. Эң жогорку балл 30 балл. 20дан кем эмес балл  алган студент 2-турга катышуу укугуна ээ болот.

II турга өткөн студентке 3-мартта “Адеп башаты - тил” деген темада эссе жаздырылат. Жазуу иши үчүн 30 чейинки балл берилет. Эссеге төмөнкүдөй талаптар коюлат:

1. Маселенин коюлушу.

2. Маселенин чечилиши.

3. Корутунду.  

2-тур боюнча жыйынтык 9-мартта чыгарылат жана жеңүүчүнүн резюмеси, тести, эссенин тексти МТМИнин кыргыз тил жана аны окутуунун технологиялары кафедрасына тапшырылат.

III тур 17-март, саат 10до И.Арабаев атындагы КМУнун №3 имаратынын чоң жыйындар залында өтөт.

III турга студент “Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө кошкон жеке салымым” деген темада долбоор даярдап келип, коргойт (презентация слайд түрүндө). Бул үчүн 40 балл берилет.

Студенттин презентациясы төмөнкү критерийлердин негизинде бааланат:

            1. Презентециянын темага жооп бериши;

            2. Регламенттин сакталышы (5-7 мүнөт);

            3. Долбоордун кыргыз тилинде сабаттуу корголушу.

            Долбоорго калыстар тобунун мүчөсү 10 чейин балл берет.

            III турдун жыйынтыгы менен 3 орун аныкталып, жеңүүчүлөргө атайын сыйлыктар тапшырылат.

            Эскертүү: Уюштуруу тобу жыйынтык так жана калыс болоруна кепилдик берет.

            Биздин дарек: Бишкек ш., 10-кичирайону, Т.Саманчин к., 10А.

И.Арабаев ат. КМУнун №3 корпусу, Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы.

Байланыш телефондору: 56-45-20; 0553 66 99 35.

Электрондук дарек: sonayimkaratayeva@mail.ru.