Эмгекчилдик жана ийгилик

    «Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фонду 5-январдан баштап, "Интеллектуалдык инвестиция" долбоорунун алкагында ар түрдүү темада белгилүү инсандар менен кезигишүүсүн улантып, чоң жыйындарды өткөрүүдө.

Бүгүн 25-февралда КМУнун чоң залында белгилүү теолог Кадыр Маликов "Исламдагы мамиле" жана белгилүү коомдук ишмер Эмил Үмөталиев "Эмгекчилдик жана ийгилик" аттуу темада кызыктуу баян куруп беришти.

«Коомдо болуп жаткан терс көрүнүштөрдү илим, билим аркылуу жеңүүгө болот. Андыктан, Кыргызстандын ар бир жаранын билимдүү, илимдүү, ошону менен катар эмгекчил болушун каалайт элем» – дейт  К.Маликов.

Соңунда, жыйындын катышуучулары конокторго суроолорду узатышты жана Бишкек шаарындагы бардык китеп дүкөндөрүнүн «китеп көргөзмөсүнө», тамак-аш жарманкесине күбө болушту.