Кыргызстанда япон маданиятынын жумалыгы өтүүдө

     Кыргызстанда япон маданиятынын жумалыгы өткөрүлүп жаткандыктан, 17-февралда Япониянын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте Чыгыш таануу жана Эл аралык мамилелер факультети КМУнун чоң залында маданий иш-чара өткөрдү.

Анда актер Нобору Кацуми «Но» театры боюнча студенттерге маалымат берип, маскалар, алардын түрлөрү, аткарылуучу ролдор – ситэ, ваки, кеген тууралуу кеңири түшүнүк берди.

«Но» театры Япониядагы эң байыркы жана салттуу искусство катары эсептелет. 600 жылдык тарыхы бар театр муундан муунга өткөрүлүп келет жана 2008-жылы ЮНЕСКОнун «Материалдык эмес маданий мурастарынын» тизмесине киргизилген.

Иш-чаранын соңунда актер Нобору Кацуми студенттердин суроолоруна жооп берип, 25-26-27-февраль күндөрү Октябрь кинотеатрында боло турган япон кинолорунун жумалыгына чакырды.