Бишкек шаарындагы бардык ЖОЖдорунун студенттик түзүмдөрүнүн лидерлери КМУда

     2017-жылдын 25-февралында КМУнун конференц залында Бишкек шаарындагы бардык ЖОЖдорунун студенттик түзүмдөрүнүн лидерлери жыйын өткөрүштү.

Жыйында алдыда боло турган иштердин планын түзүү жана 5-март «Ак калпак күнүнө» карата жаштар жүрүштөрүн өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Жыйындын соңунда конокторго кофе-брейк уюштурулду.