Сагымбай – Манас ааламынын генийи

     Бүгүн 28-февралда КМУнун студенттери Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын жыйындар залында Президент А.Ш.Атамбаевдин 2017-жыл «Ыйман, тарых жана маданият» жылы деген жарлыгына ылайык, ХХ кылымдын улуу манасчысы Сагымбай Орозбак уулунун 150 жылдык мааракесине арналган «Сагымбай – Манас ааламынын генийи» аттуу темадагы илимий-практикалык конференцияга катышып келишти.

   Конференцияда КРнын вице-премьер-министри Ч.Султанбекова Манас таануу илими боюнча И.Арабаев ат. КМУнун Манастаануу институту Кыргызстандагы жалгыз институт экенин баса белгилеп өттү. Манастаануу институтунун директору Т.Тургуналиев сөз сүйлөп, жүргүзүлүп жаткан окуу иштерине токтолду. Анда Манастаануу сабагын мындан ары жайылтууда И.Арабаев ат. КМУ көп иштерди жасаарын жана «Манас күнү»– 4-декабрь экенин студенттерге эскертти.

    Ошондой эле КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков Өкмөттүн атайын токтому менен С.Орозбаковдун 150 жылдыгына карата майрамдык иш-чаралар жана конферециялар Талас, Кочкор жергесинде өткөрүлөөрүн билдирди. Болуп өткөн бул иш-чарага Сагымбай Орозбаковдун уулу Жамангул атанын жубайы жана неберелери да катышты.