Структуралар аралык билим берүү кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Абдраева Айгүл Төлөкөвна «Лидерлик үчүн» медалы менен сыйланды

16-мартта Сейтек балдар борборунда Иран мамлекетинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жана Кыргызстан Аялдар Конгресси тарабынан эмгектеги жетишкиндиктери, жогорку кесиптик чеберчилик жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Кыргызстандын мыкты айымдарын сыйлоо кечеси болуп өттү.

Биздин университеттин айымдары бул сыйлыктан четте калган жок. КМУнун Структуралар аралык филологиялык билим берүү кафедрасынын доценти, филология илимдеринин кандидаты Абдраева Айгүл Төлөкөвнага эмгектеги жетишкиндиктери, жогорку кесиптик чеберчилик жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн Кыргызстан Аялдар Конгрессинин эл аралык маанидеги «Лидерлик үчүн» медалы ыйгарылды.

Кечеге Кыргызстандын Иран Республикасындагы өкүлдөрү, Кыргызстандын коомдук жана маданий ишмерлери, КР билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү ж.б. катышты. Кеченин соңунда, кыргыз ырчыларынын концерти менен жыйынтыкталды.