КМУнун мугалимдери Нооруз майрамына карата Сармерден оюнун коюшту

      Бүгүн, 17-мартта КМУнун башкы имаратынын чоӊ жыйындар залында Улустун улуу күнү болгон – Нооруз майрамын утурлай, КМУнун жалпы жамааты кыргыз элинин кѳѳнѳргүс салттарынын бири болгон «Кыз-жигит – Сармерден» оюн-зоок кечесин ѳткѳрдү. Сармерденде КМУнун тилинен бал тамган, сѳзгѳ чечен, тамашакѳй, таланттуу, шайыр эже-агайлары таймашты.

Оюнда калыстар тобунун милдетин Сармерден теледолбоорунун башчысы С.Ниязалиева, КР Эл артисти К.Эралиева, КУУнун Илим иштери боюнча проректору С.Алахан жана КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Т.Коӊурбаевдер аткарышты.

Салтка айланып калгандай, алгач Умай Эненин аластоосун ырым кылып, КР артисти Ширин Сарыгулова кечени ачып берди. Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын артисттери «Манас» айтуу, элдик күүлѳрдү аткаруу менен концертти улантышты.

Сармердендин жүрүшүндө кыргыз элинин улуттук ыр-бийлери, күүлөрү аткарылды. Макал-лакап, табышмак, жаңылмач, ыр-күүлөрдү бир ортого алып келип, көрүүчүлөрдүн жарпын жазып, көӊүлүн көтөргөн майрамдык маанай тартуулашты.

Сармендендин жеӊүүчүлѳрү КМУнун кыздары жана жигиттери деп табылды, тактап айтканда, эки тарап теӊ чыкты.

Бүгүнкү Сармердендин жогорку деӊгээлде ѳткѳнүн, С.Ниязалиева жана К.Эралиева баса белгилешти. «Кыргызстандын кѳптѳгѳн аймактарында ѳткѳрүлүп жаткан Сармерденге катышып келе жатам. Бирок Сиздер бүгүн абдан жакшы оюн кѳрсѳтүп бердиӊиздер. Айрыкча, макал-лакап айтышында жалпыбыздын маанайыбызды кѳтѳрдүӊүздѳр» – деген жылуу пикирин билдирди С.Ниязалиева.

КМУнун ректору, т.и.д., профессор Тѳлѳбек Абылович Абдырахманов жалпы катышуучуларга жана кѳрүүчүлѳргѳ ыраазычылык билдирип жатып, «Биз бүгүн кыргыз элинин улуттук кѳѳнѳргүс салттарынын бири, Улустун улуу күнү болгон – Нооруз майрамын майрамдап жатабыз. Биздин максат келечек ээлери болгон жаштарга улуу салттарыбызды унутта калтырбай, андан ары улап кетүүсүнѳ жол кѳрсѳтүү», –деп белгилеп ѳттү.

Сармерден долбоорунун жетекчиси Сагын Ниязалиевага жана КУУнун проректору Садык Алаханга ректор Т.Абдырахманов атайын белектерин тапшырды. Ошондой эле факультеттер аралык ѳткѳрүлгѳн Сармерденге активдүү катышкан катышуучуларга акчалай сыйлык жана Ардак грамоталарды ыйгарды.   

Соӊунда, кыз-жигиттер бирге хор аткарышты.