Казак элинин залкар жазуучусу Сабит Досанов студенттер менен жолугушту

КМУнун студенттери менен белгилүү казак элинин жазуучусу Сабит Досановдун жолугушуусу бүгүн, 18-мартта КМУнун башкы имаратынын жыйындар залында өттү.

Кыргыз-казак элинин достугун, биримдигин көздөгөн бул иш-чараны "Ыйман" дин маданиятын өнүктүрүү фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков уюштурган.

КМУнун ректору, профессор Т.А.Абдырахманов: «Эки бир тууган элдин достугун, биримдигин, ынтымагын бекемдөөдө маданий-чөйрөнүн өкүлдөрүнүн салымы өтө зор. Сабит Досанов кыргыз-казак элинин адабият тармагындагы достугуна абдан чоң салым кошуп келет. Жазуучунун мындан ары да албан-албан ийгиликтерди жаратып, кыргыз-казак жаштарына үлгү болуп жүрө беришине тилектешмин» - деген пикирин билдирди жана эки элде салт болуп калгандай, калпак-чепкен жапты.

         Чүй облустук жаштар театрынын артисттери жазуучунун калемине таандык чыгармалардан чакан сценкаларды коюшту.

Белгилүү кыргыз акыны, котормочусу Маркабай Ааматов жазуучунун эмгектерине кыска токтолуп, ийгилик каалады.

Соңунда "Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков жазуучуга фонддун жогорку даражадагы «Ардактуу инсаны» Төш белгисин тапшырды.