Жаш окумуштуу - 2017

Билим берүү жана илим министрлигинин илимий иштер боюнча департаменти «Жаш окумуштуу - 2017» конкурсунун жыйынтыгын чыгарды. Конкурста негизинен, жашы 35 жашка чейинки, илимий изилдөө ишинде өзүнүн чыгармачылык активдүүлүгүн, профессионалдуулугун көрсөтүү талабы коюлган.  

Конкурска бардык ЖОЖдордун жаш окумуштуулары катышып, жалпысынан 69 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 31 жаш окумуштуу 7 илимий багыт боюнча татыктуу деп табылды. Татыктуулардын арасында КМУнун эки жаш окумуштуулары: Ачакеев Кадырбек жана Темирбек уулу Идеаттар да бар. Кесиптештерибизге ийгилик каалап, жеңиши менен куттуктайбыз.