«Акыл Тирек – 2016» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

     И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, т.и.д., профессор Төлөбек Абылович Абдырахманов “Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун” алдындагы «Акыл тирек – 2016» сынагында жеңүүчү деп табылды.

Бүгүн, 24-мартта Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз Драм театрында белгилүү ишмер, «Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун» директору Аскар Салымбеков «Акыл тирек» интеллектуалдык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Аталган фонд быйыл Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы менен тыгыз байланышта болуп, эксперттик баалоого жетишкен.

Жеңүүчүлөргө сыйлыктарды “Прогрессивдүү Демилгелер Фонду” КФ негиздөөчүсү Аскар Салымбеков, КР УИА президенти Абдыганы Эркебаев жана Чолпонкул Арабаев тапшырышты.

2016-жылы аталган сынакка катышуу үчүн илимий-изилдөө иштери жана социалдык-экономикалык долбоорлору заманбап Кыргызстан туш болгон ар түрдүү көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган 78 кыргызстандык билдирме калтырган.

Сынактык эмгектер эки баскычтуу экпертизадан өткөн. Алгач, биринчи баскыч “Прогрессивдүү Демилгелер Фондунун” эксперттери тарабынан өткөрүлүп, андан соң КР УИАнын эксперттик тобу комплекстүү иштерди аткарып, жыйынтык чыгарган.

“Акыл Тирек - 2016” сынагынын жеңүүчүлөрүнүн ичинде И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, тарых илимдеринин доктору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович “Кыргызстандын мамлекеттик бийлик ресурстары көз карандысыздыктын 20 жылында” эмгеги менен ийгиликке жетишкен.