Февраль революциясынын 100 жылдыгы

       2017-жылдын 6-мартында  И.Арабаев атындагы КМУнун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер факультетинин “Аймак жана маданият таануу” кафедрасы тарабынан уюштурулган “Февраль революциясынын 100 жылдыгына” арналган тегерек стол болуп  өттү. Тегерек столду кафедра башчы Самыйканов Адисбек Тынчтыкбекович “Февраль революциясы” тууралуу кыскача баяндама жасап, ачып берди. Аталган иш-чарада т.и.к., доцент К. Алымкулов, т.и.к. Д.Молдокулова  революциянын  тарыхый  маанисин, себептерин жана кыргыздардын тарыхына тийгизген таасири тууралуу студенттерге кенен баяндама жасашты. Аны менен бирге ошол мезгилдеги кыргыздардын жана Россия империясынын жашоо-тиричилиги, материалдык маданияттары, эл аралык мамилелери тууралуу слайд көргөзүлдү.