Сен да тандоого укуктуусун

     23-24-мартта Ж.Баласагын ат. КУУнун Журналистика факультети уюштурган  “Жоогазын”  социалдык  реклама  жана  PR  фестивалына Мамлекеттик тил жана маданият институтунун  журналистика бөлүмүнүн 4-курсунун студенттери  ага окутуучу А.Ажыбаевдин жетекчилиги астында 4  социалдык  ролик даярдап,  катышып келишти. Фестивалга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен, Кыргыз-Орус Славян университетинен, Бишкек Гуманитардык университетинен ж.б. студенттер келип катышып, өз роликтерин тартуулашты. ЖУР-41 тобунун студенти Калыева Нуржамал “Журналистикадагы универсалдуулук концепциясы” деген темадагы доклады менен катышып 3-орунга ээ болду. Ал эми “Сен да тандоого укуктуусуң” деген темада тартылган социалдык  ролик, биринчи орунга көрсөтүлгөн  роликтердин ичинен   3-орунга татыды.

Соңунда, ийгиликке жетишкен студенттер китептер менен сыйланышты.