Адепсиз жүрүм-турумду сынга алуу

     И.Арабаев атындагы КМУнун Ч.Айтматов атындагы өргөөсүндө 2017-жылдын 1-апрелинде ТжСУБ факультети тарабынан «Ыйман, адеп, маданият» жылына карата уюштурулуп жаткан студенттер аралык «Ыйман жана маданиятка»туура келбеген “Адепсиз жүрүм-турумду сынга алуу» темасында мини-спектаклдер жана видеороликтер конкурсу болду. Ага жалпысынан 8 команда катышып, ар бир команда мыкты мини-спектаклдерди жана видеороликтерди көрсөтүштү.

Соңунда 1-2-3-орун жана гран-при номинациялары боюнча жеңүүчүлөр аныкталып, грамота, китеп жана блокноттор менен сыйланышты.

«Тарбия башаты – үй бүлѳ» ролиги менен, 1-курстун СЭО-Б-11(б) группасы Гран-прини,

«Үмүт эшиги» спектакли менен, 1-орунга 1-курстун СЭО-К-12(к) группасы,

«Бумеранг» видеоролиги менен, 2-орунга 1 курс СЭО-Бр-13 группасы, ал эми 3-орунга 2-курс «Бейиш эненин таманында» спектакли менен жеңишке ээ болушту.