«Мекенди сүйүү – ыймандан», «Ислам – тынчтыктын дини», «Ислам жана илим» темалары боюнча эссе жана дил баян жазуу конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды

      26-апрелде КМУнун Теология колледжинде “Ыйман, адеп жана маданият» жылына карата «Мекенди сүйүү – ыймандан», «Ислам – тынчтыктын дини», «Ислам жана илим» темалары боюнча эссе жана дил баян жазуу конкурсу жыйынтыкталды.

Конкурска университеттин бардык курамдык бөлүктөрүнүн 138 студент катышып, эки саат бою аталган темалар боюнча өз ойлорун кагаз бетине түшүрүштү. 11 кишиден турган комиссия, дил баяндарды текшерип, өз баасын беришти.

Студенттердин жазган эмгектерине жараша сыйлыктар жана төмөндөгүдөй орундар ыйгарылды:

III орун–Ишенбек уулу Нурсултан, Нурдиналиев Элдияр (теоколледж),

II орун – Мавлидин уулу Эрланбек (теоколледж), Абдылдаева Айганыш (Япон таануу институту).

I орун – Бекболотова Махабат ЧТжЭМФ), Эргешали кызы Нурхан (ЛФ),

Баш байге – Тынайбекова Бүбүсара (ФГЗ), Камчибекова Табихат (МТМИ).

Теология колледжинин директору Эрмек Шакирович катышуучуларга атайын сыйлыктарды тапшырып жатып, «Комиссия мүчөлөрү студенттердин көпчүлүгү катасыз, мазмундуу жазганына ыраазы болушуп, келечектин ээлери билимге, ыйман, адеп-ахлакка ынтызарлык менен максатуу аракет жасап жатканына ынанышты.

Ал эми биздин студенттер бүгүнкү сынакта руханий жактан азык алып, кайсы бир деңгээлде билимин жогорулатты десек болот», – деген пикирин айтып, конкурсту жыйынтыктады.