Тарыхта калган издер

      И.Арабаев ат. КМУнун алдындагы колледжинин жетекчилиги тарабынан уюштурулган «Тарыхта калган издер» аттуу конкурс, 19-майда КМУнун №6 окуу корпусунда өттү.

Конкурс кыргыз элинин тарыхында калган маанилүү окуяларды эскерүү, аларды жаш муундарга үйрөтүү максатында уюштурулган. Конкурстун шартына ылайык бир нече талаптар коюлуп, анда тарыхый окуялардагы урунтуу учурларды чагылдырып, сценка коюу, конкурстун негизги талабы болгон.

Студенттер Үркүндө үрккөн кыргыздардын турмушун, Курманжан датканын учурундагы кыргыз элинин абалын ж.б. тарыхый учурларды камтыган сценкаларды эң жогорку деңгээлде ачып бере алышты. Конкурстун жүрүшүндө, элдик ырлар, кара жорго бийи, комуз күүлөрү колледждин активдүү, таланттуу студенттери тарабынан аткарылды.

Ошондой эле, студенттердин колунан жасалган кыргыз элине таандык буюм-тайымдардын чакан көргөзмөсү болду.

Соңунда, конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр жана активдүү катышкан катышуучулар жетекчилик тарабынан Ардак грамота жана атайын сыйлыктар менен сыйланышты.