Маанаевдик окуулар иш-чарасы жыйынтыкталды

    Белгилүү коомдук ишмер, тарых илимдеринин доктору, профессор Маанаев Эгемберди Жумагуловичтин урматына арналган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик идеологиясын өнүктүрүүнүн теориялык жана методологиялык негиздери» аттуу илимий-практикалык конференция, бүгүн, КМУнун Ч.Айтматов атындагы чоң жыйындар залында өттү.

Жыйынга белгилүү коомдук ишмерлер, илимпоздор, аспиранттар жана студенттер катышты.

КМУнун ректору, профессор Т.Абдырахманов «Идеологиянын коомдук-саясий негиздери», КУУнун профессору А.Арзыматова «Идеологиянын экономикалык негиздери», Б.Бөрүбашев «Идеологиянын укуктук негиздери», Н.Усупова «Идеологиянын социалдык негиздери» ж.б. деген темада илимий баяндама жасашты.

Конференциянын жүрүшүндө, ишмерлер, илимпоздор жана Эгемберди Маанаевичтин окуучулары каалоо-тилектерин билдирип жатышты.

Соңунда, Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин студенттери тарабынан көрсөтүлгөн чакан концерт тартууланды.