КМУда ооз ачтыруу иш-чарасы башталды

     9-июнда И.Арабаев ат. КМУ «Умма» Ислам журналы менен биргеликте мусулмандардын ыйык Рамазан айында орозо туткан жарандарыбызга ооз ачтыруу иш-чарасын өткөрдү.

Ректор Төлөбек Абылович Абдырахманов иш-чараны ачып, жалпы кыргыз элин Ыйык Рамазан айы менен куттуктады. Иш-чарага коомдук белгилүү ишмерлер Турсунбай Бакир уулу, Кадыр Маликов, Мыктыбек Арстанбек ж.б. катышты.

Келген коноктор уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдирип, мусулман элин ынтымакка, биримдикке чакырып өтүштү.