КМЖББФнин доценти Сыдыков Базарбек Кимбилдиевич Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын айкелин жасады

     6-июнь күнү КР УИАда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата уюштурулган «Айтматовдук окуулар» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференцияга белгилүү коомдук, маданий ишмерлер, окумуштуулар, сүрөтчүлөр катышып, жазуучуну эскеришти.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, художник-скульптор, КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү, «Манас» орденинин ээси, Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин Көркөм өнөр жана дизайн кафедрасынын доценти, КМУнун «Ардактуу профессору» Сыдыков Базарбек Кимбилдиевич катышып, өзүнүн эмгектерин жалпы катышуучуларга тартуулады.

Базарбек Сыдыков Ч.Айтматовдун «Чыңгызхандын ак булуту» чыгармасындагы Чынгыз хандын образынын айкелин мрамор ташынан (бийиктиги 60 см), «Саманчынын жолу» повестиндеги Толгонайдын образынын айкелин жыгачтан (бийиктиги 70 см), «Гүлсарат» повестиндеги Гүлсараттын жана «Кылым карытар бир күн» романындагы Найман эненин образдарынын (бийиктиги 65,70см) айкелдерин ак таштан жасаган.

Иш-чаранын соңунда, КР УИАнын вице-президенти А.Акматалиев Б.Сыдыковго жазуучунун чыгармаларындагы каармандардын айкелин жогорку деңгээлде жараткандыгы жана «Айтматовдук окуулар» конференциясын уюштурууга жогорку деңгээлде катышкандыгы үчүн атайын диплом жана Төш белги ыйгарды.

Базарбек Кимбилдиевичти И.Арабаев атындагы КМУнун жалпы жамаатынын жана Көркөм маданият жана билим берүү факультетинин студенттеринин атынан куттуктайбыз!