Волейбол боюнча айымдар арасындагы клубдук командалардын IХ чемпионаты башталды

  Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясынын вице-президенти, бүткүл союздук категориядагы калыс Н.И.Козловскийдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча айымдар арасындагы клубдук командалардын IХ чемпионаты, бүгүн, 13-июнда Кожомкул атындагы спорт сарайында башталды.

Чемпионатка КМУнун алдындагы «Билим» клубу да катышууда.

Биринчи күндөн тартып эле, «Билим» клубунун айымдары «Улар» клубунун айымдары менен беттешип, кызыктуу оюн көрсөтүштү. Биздин спортчулар 14-июнда да мелдешке чыгышат. Андыктан, бардык студенттерибизди биздин университеттин алдындагы «Билим» клубунун оюнчуларын колдоп коюуга чакырабыз. Ал эми мелдешке катышып жаткан «Билим» клубунун мүчөлөрүнө ийгилик жана жеңиш каалайбыз.