Ак жол сага, бүтүрүүчү

Бүтүрүүчү келечектин адамы,

Кесипкөйдүн ак жол болсун кадамы.

Келечекте кызмат кылып элине,

Өркүндөсүн бак-таалайы, жамалы.

КМУнун Окуу иштери боюнча 

проректору Т.А.Коңурбаев

       21-июнь күнү И.Арабаев ат. КМУнун чоң жыйындар залында 2017-жылдын бүтүрүүчүлөрүнө арналган «Ак жол сага, бүтүрүүчү» аттуу майрамдык кече болуп өттү.

Университеттин алдыңкы бүтүрүүчүлөрү эже-агайларга, жалпы университеттин кызматкерлерине каалоо-тилектерин, ыр саптарын арноо менен кечени ачышты.

Андан соң, сөз КМУнун ректору, профессор Т.А.Абдырахмановго берилди.«Урматтуу бүтүрүүчүлѳр! Мына, бүгүн, биз сиздерди куттуу уябыздан учуруп жатабыз. Силер университетти аяктап, жаңы турмуш жолуна аттанып жатасыңар. Турмуш жолуңар байсалдуу болсун. Университет силердин мындан аркы жашооңорго чоң багыт кѳрсѳтүп берди. Бизден алган билимди, тарбияны окуучуларыңарга жогорку деңгээлде жеткирет деген үмүттѳбүз. Университеттен алыс кетпестен, билимиңерди жогорулатуу үчүн магистратурага, аспирантурага тапшырып, кайрадан бизге келип иштеп, кесиптеш болгула. Силерге билим берип, акыл-насаатын айтып турган жалпы кесиптештериме да ыраазычылык билдирем! – деген каалоо-тилегин билдирип, алдыңкы бүтүрүүчүлөргө Ардак грамоталарды жана КМУнун логотиби түшүрүлгөн футболкаларды тапшырды.

Кыргыз элинин белгилүү, таланттуу инсандары Борончу Кудайбергенов, Омар, «Маржан» тобунун кыздары жана КМУнун таланттуу, шайыр студенттери бүтүрүүчүлөргө майрамдык маанай тартуулашты.

КМУнун структуралык курамдарынын жетекчилери Т.Тургуналиев, Ж.Байсалов, М.Чоров, З.Алымкулов, Ж.Бексултановдор да куттуктоо сөзүн алышты.

Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин деканы Ж.Бексултанов: «Урматтуу биздин бүтүрүүчүлөр. Адам баласынын жашоосунда өзгөчө айырмаланган аз гана окуялар болот. Мына ошонун бири бул – студенттик өмүр. Бүгүн, силер жашооңордогу эң маанилүү учурду узатып жатасыңар. Ошондуктан, КМУнун жетекчилиги ушундай кече уюштуруп, силерге эстен кеткис белек тартуулоодо. Мындан ары ишиңерде ийгиликтер болуп, биз сыймыктанган кыргыздын уул-кыздарынан болушуңарга тилектешмин. Силерге Ак жол каалайм!», – деген жылуу пикирин айтуу менен, факультеттин алдыңкы бүтүрүүчүлөрүнө Ардак грамоталарды тапшырды.

КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Т.Коңурбаевдин бүтүрүүчүлөргө арнаган төмөндөгү төрт сап ыры менен кече аяктады.

Бүтүрүүчү келечектин адамы,

Кесипкөйдүн ак жол болсун кадамы.

Келечекте кызмат кылып элине,

Өркүндөсүн бак-таалайы, жамалы.

Соңунда, майрамдык кеченин ээлери университеттин алдынан эстеликке сүрөткө түшүштү.