И.Арабаев ат. КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович Казакстан Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын атайын Төш белгиси менен сыйланды

     И.Арабаев ат. КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович 23-июнда Казакстан Республикасында өткөн «Алаш-Ордо өкмөтүнүн жана Алаш автономиясынын 100 жылдыгы» аттуу иш-чарага катышып келди.

Иш-чара Казакстан Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы тарабынан уюштурулуп, ага бир нече мамлекеттерден окумуштуулар келип, илимий баяндамаларын окушту.

КР Улуттук Илимдер академиясынын президенти Мурат Журанов КМУнун ректору Төлөбек Абдырахмановдун Казакстан Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы менен И.Арабаев ат. КМУнун ортосунда билим жана илим тармагында аткарган алгылыктуу эмгектерин баалап, Казакстан Республикасынын Улуттук Илимдер академиясынын атайын Төш белгиси менен сыйлады.

Соңунда, Мурат Журанов иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылыгын билдирди.