КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов бүтүрүүчүлөрдү кабыл алды

    24-июнда И.Арабаев ат. КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов КМУнун 40 жылдык бүтүрүүчүлөрүн кабыл алды.

Бүтүрүүчүлөр 1972-1977-жылдары, ошол мезгилде «Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту» деп аталган окуу жайдын «Орус тили» факультетинде билим алышкан. Андан бери 40 жылдай убакыт өтүп, азыркы күндө көпчүлүгү өлкөбүздүн ар кайсы аймактарында үзүрлүү эмгектенип келишсе, айрымдары ардактуу эс алууга чыгышкан.

«Биз ККПУну 1977-жылы аяктадык. Ал мезгилде Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институту Кыргызстандагы эң алдыңкы окуу жайлардын бири эле. Өлкөнүн бардык аймактарынан студенттер келип билим алышчу. Башка ЖОЖдорго караганда, биздин институттун студенттери абдан активдүү болуп, илим, билим, маданий, коомдук тармактарда ар дайым алдыда жүрчүбүз. Бүгүнкү күндө да ректор Т.Абдырахманов тарабынан алгылыктуу иштер жасалып, окуу жай зор ийгиликтерди жаратып жатканына күбө болдук. Биз өзүбүз билим алган окуу жай менен сыймыктанабыз», – деди бүтүрүүчү Н.Көчөрбаева.

Жолугушууда ректор Т.Абдырахманов КМУнун 40 жылдык бүтүрүүчүлөрүн майрамы менен куттуктап, университет менен ар дайым байланышта болуп туруусун каалады.