КМУга абитуриенттерди кабыл алуунун I туру башталды

       10-июлда КМУнун кабыл алуу комиссиясынын төрагасы Замир Алымкулов ЖРТ талондорун тапшыруунун I туру башталганын билдирди.

З.Алымкулов талон салынуучу урналардын капкагын бекитип, колун коюп, мөөрүн басты. Абитуриенттер залга орнотулган сыналгыдан КМУнун түзүмдөрү тууралуу таанышып, андан соң тандаган адистиктери боюнча тийиштүү техкатчылардан толук маалымат алгандан кийин, урналарга ЖРТнын талондорун тапшыра башташты.

КМУнун кабыл алуу комиссиясынын башчысы З.Алымкуловдун билдирүүсүнө караганда, ЖРТнын сертификаттарын тапшыруу 12-июлга чейин жүргүзүлмөкчү. Ал эми 13-июлда I турдун жыйынтыгы чыгып, КМУга кабыл алынган абитуриенттердин тизмеси жарыяланмакчы. Бул боюнча маалыматты университеттин башкы корпусунда орнотулган сыналгыдан жана arabaev.kg cайтынан алсаңыздар болот.