Германиядагы Хохенхайм университетинин профессору Генри Марк жана Бремен университетинин профессору Мартин Крееб «КМУнун Ардактуу профессору» болушту

       И.Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Абдырахманов Төлөбек Абылович КМУнун Окумуштуулар кеңешинин чечиминин негизинде Германиядагы Хохенхайм университетинин профессору Генри Марк жана Бремен университетинин профессору Мартин Креебге «КМУнун Ардактуу профессору» наамын ыйгарды.

КМУ жана аталган университеттердин ортосундагы билим, илим тармагында аткарган зор эмгектерин баалоо менен ректор Т.Абдырахманов Генри Марк жана Мартин Креебге ыраазычылыгын билдирди жана алдыда аткарыла турган иштер тууралуу кеңири маек курду.