КМУнун бүтүрүүчүсү Халил Асанаалы уулунун «Жуңголук кыргыздар» аттуу китебинин бет ачаары болуп өттү

     29-июлда конференц залда кытайлык кыргыз Халил Асанаалы уулунун «Жуңголук кыргыздар» аттуу китебинин бет ачаары болуп өттү.

Жыйынга белгилүү тарыхчылар, жазуучу-акындар катышты.

Тарых илимдеринин кандидаты Баяс Турал, филология илимдерини доктору Турусбек Маразыков ж.б. «Жуңголук кыргыздар» китеби тууралуу өз ойлорун, сын-пикирлерин айтышты.

Соңунда, жазуучу акыркы мезгилдерде аткарып жаткан иштери, эмгектери жөнүндө токтолуп өттү.

Белгилүү ырчылар элдик ырлардан аткарышып, аземдин көркүн ачышты.