Рахат Ачылованы эскерүү жана 2016-2017-жылдар үчүн профессор Рахат Ачылова атындагы илимий сыйлыкты салтанаттуу ыйгаруу аземи

     31-июлда КМУнун жыйындар залында белгилүү окумуштуу, КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери, КРнын 1995-2000-жылдардагы ЖКнын депутаты, коомдук ишмер, профессор «Рахат Ачылованы эскерүү жана 2016-2017-жылдар үчүн профессор Рахат Ачылова атындагы илимий сыйлыкты салтанаттуу ыйгаруу аземи» аттуу илимий конференциясы болуп өттү.

    Аземге КМУнун ректору Төлөбек Абдырахманов жана Роза Айтматова, Болот Шамшиев баштаган белгилүү коомдук, маданий ишмерлер, илимий кызматкерлер, студенттер катышты.

      КМУнун ректору Төлөбек Абылович Абдырахманов иш-чараны ачып жатып, Р.Ачылованын кыргыз элине кылган кызматы, билим берүү тармагында, анын ичинде Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору кызматын аркалаган учурдагы аткарган иштери, илимий эмгектери тууралуу кыскача токтолуп өттү.

      Андан сырткары белгилүү инсандар, туугандары Р.Ачылованы эскеришти. 

«Р.Ачылова Кыргыз Мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору болуп турганда институт үчүн көп алгылыктуу иштерди жасаган. Андан сырткары ЖКнын депутаты катары да кыргыз элине ак кызматын аяган жок. Р.Ачылованын илимий эмгектеринин негизин үй-бүлөлөрдүн өсүп-өнүгүүсү, Кыргызстандагы аялдардын коомдогу ролу, маданияты түзүп, бул тармактарда чоң ийгиликтерди жараткан. Ал эми билим берүү тармагында ат көтөргүс зор иштерди жасаганы жалпы журтка маалым», – деди коомдук ишмер Роза Айтматова.

    Кызы Назик Бейшенаалы апасы жөнүндө төмөнкүлөргө токтолду. «Апам өмүр бою мугалимдик кызматты аркалап келди. 1966-жылдан баштап Улуттук университеттин Социология лабораториясынын жетекчиси, кафедра башчысы болуп иштеп баштаган. Асанбек Табалдиев жана башка агай-эжейлери менен Социология кафедрасынын ишин түптөгөнүн көп айтып калчу. Көп жылдар бою Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер институтунун ректору болуп үзүрлүү эмгектенди. Депутат болгондо да университеттен алыстаган эмес. Келечек муун үчүн көптөгөн эмгектерди жаратып, билим берүү тармагында алгылыктуу иштерди жасады. 2015-жылы Ата-Түрк Ала-Тоо университетинин профессору болуп, “Ал жерде кабинетим тынч, китепканасы жакшы” деп илимий ишин улантып жүрдү. Үй-бүлөөдө жолдошуна татыктуу жубай, балдарына мээримдүү эне болду. Апамды эскерип, бүгүнкү иш-чарага катышып бергениңиздер үчүн ыраазычылыгымды билдирем», – деди Н.Бейшенаалы.  

      Иш-чаранын соңунда, 2016-2017-жылдар аралыгында илим тармагында ийгилик жараткан кызматкерлерге профессор Рахат Ачылова атындагы илимий сыйлык тапшырылды.