Урматтуу студенттер!!!

        Сиздерди 1-сентябрда «Билим күнүнө» карата И.Арабаев атындагы КМУнун №3 окуу имаратынын чоң жыйындар залында боло турган майрамдык иш-чарага чакырабыз.

Иш-чара Японтаануу институтунун жетекчилиги астында уюштурулуп, ага Япониядагы Осак университетинин ректору, кызматкерлери, белгилүү япониялык компаниялардын өкүлдөрү жана КМУнун эмгек жамааты катышмакчы.

Ошондой эле япон элинин таанымал ырчысы Мита Рё жана белгилүү «Тайко» барабанчылар тобу сиздерге майрамдык маанай тартуулашмакчы.