1-сентябрь - Билим күнү

     Бүгүн, 1-сентябрь «Билим күнүнө» карата Японтаануу институтунда майрамдык кече болуп өттү. Кечеге КМУнун ректору, профессор Төлөбек Абдырахманов, институттун директору Айбек Самаров, алыскы Япония мамлекетиндеги Осак университетинин ректору Акаги Осаму жетектеген өкүлдөр, студенттер жана ата-энелер катышты.

Ректор Т.Абдырахманов кечени ачып, конокторду жана студенттерди жаңы окуу жылы менен куттуктады. Ошондой эле Осак университетинин ректору Акаги Осаму мырза да бүгүнкү «Билим күнү» менен жалпы студенттерди куттуктап, өзүнүн каалоо-тилегин билдирип өттү.  

Институттун алдыңкы студенттери ректор Т.Абдырахмановго окууда ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.

Кечеде япон элинин белгилүү ырчысы Мита Рё япон жана кыргыз тилиндеги ырларды аткарса, «Тайко» тобу барабанда мыкты ойноп, көрүүчүлөргө мыкты маанай тартуулашты.

Соңунда, А.Самаров студенттерди өлкөбүз үчүн мыкты инсандардан болушун каалап, ата-энелери менен бирге семинарга катышып кетүүсүн суранды.